# 202-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү жөнүндө чечимди кайра жол-жоболоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 202-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-202

---

1. Жактын уюштуруучулук-укуктук формасы же жайгашкан жери өзгөрбөстөн, анын аталышы өзгөргөн учурда бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арызын берүүгө тийиш.

Чечимди кайра жол-жоболоо жөнүндө арызды арыз ээси кайра жол-жоболоого негиз болуп эсептелген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде берет.

2. Чечимди кайра жол-жоболоодо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим менен күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген датасы көрсөтүлөт.

Күбөлүктү алганга чейинки кайра жол-жоболоо мезгилинде бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак мурда кабыл алынган чечимдин жана күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде иштейт. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумушчу күндүн ичинде бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кайра таризделет.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактан ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча чечимди кайра жол-жоболоону талап кылууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-203)
