# 201-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтотуп туруу. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестринен чыгаруу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 201-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-201

---

1. Чоң зыянга алып келбеген бир жолку бузуу үчүн, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү шарттарын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын сактабагандыгы үчүн бул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө эскертүү берилген жак ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын ишин үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп турат.

Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотуп турууга негиз болгон себептер четтетилген шарттарда кайра жандандырылат. Чечимдин колдонулушу токтотуп турулган мезгилде: товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, эркин кампага, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт; товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бажы органынын уруксаты менен жүргүзүлүүчү зарыл операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт; бажы кампасында жана алымсыз соода дүкөнүндө товарларды сатууга тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кодекстин 397-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацына ылайык, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын ишин токтотуп туруу үчүн кошумча негиздерди белгилеши мүмкүн.

4. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 208, 213, 218, 223, 228, 233 жана 2343-беренелеринде белгиленген негиздер боюнча бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгарылат.

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуусу реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакыртып алууга алып келет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды чыгаруу жөнүндө чечими мындай чечимди кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен, мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, мындай чечим кабыл алынган жакка жазуу жүзүндө жеткирет. Аталган чечим ошол жактын жетекчисине же башка өкүлүнө кол койдурулуп же бул чечимдин алынган жана берилген фактысын ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан баш тартса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө почта кызматы кабарлаган күн чакыртып алуу жөнүндө кабыл алынган чечим жөнүндө жакты кабарлаган күн болуп эсептелет.

6. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө кайталап берилген арыз чакыртып алууга негиз болгон себептер ушул Мыйзамдын 200-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө четтетилген шарттарда гана каралышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-202)
