# 200-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 200-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-200

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып отуз жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

1) эгерде ушул главада каралган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз ээси ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227, 232 жана 234-2-беренелеринде каралган шарттарды сактабаса.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусу ушул Мыйзамдын 29-главасында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-201)
