# 20-берене. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 20-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-20

---

1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы (мындан ары - Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы) бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, ташып чыгуу бажы алымдарын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу, бажы статистикасын жүргүзүү максатында товарларды классификациялоо үчүн пайдаланылуучу товарларды сыпаттоо жана аларга код берүү системасы болуп саналат.

2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизи болуп Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Товарларды сыпаттоонун жана аларга код берүүнүн шайкештөө системасы жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы саналат.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышат;

2) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-21)
