# 197-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн жана бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрден чыгаруунун тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 197-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-197

---

1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227, 232 жана 2342 беренелеринде белгиленген шарттар сакталган учурда бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактын ушул Мыйзамдын 198-беренесинде каралган маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан реестрге киргизилет.

2. Арызга анда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтер тиркелет, алар түп нускалар же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө берилет. Документтер мамлекеттик тилде же болбосо расмий тилде берилет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардан арыз ээси көрсөткөн маалыматтарды ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Арызды кароонун натыйжалары боюнча арыз ээсинин талабы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин түп нускасын арыз ээсине кайра кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрлерге киргизүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (жазуу жүзүндөгү) негизинде жана мындай реестрлерге киргизилгендиги жөнүндө күбөлүктү акысыз негизде берүү менен ырасталат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрлерге киргизүү жөнүндө кабыл алган чечими тиешелүү арызды берген адамга карата гана жарактуу болот жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.

4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрлерден чыгаруу жөнүндө чечим ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-196)  
Кийинки берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-198)
