# 196-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 196-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-196

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш болуп бажы өкүлдөрү, бажы жүк ташуучулары, убактылуу сактоочу кампанын ээси, бажы кампаларынын ээси, эркин кампалардын ээси, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси жана электрондук соода операторлору катары кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан жактардын бажы органдары тарабынан контролдонуучу жана Кодекс менен жөнгө салынуучу, ал эми Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу иш эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы өкүлдөрүнүн реестрине, бажы жүк ташуучуларынын реестрине, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, эркин бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине, электрондук соода операторлорунун реестрине (мындан ары - бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестри) киргизилген юридикалык жактар бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактарды бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары жана бул реестрден чыгаруунун негиздери бажы иши чөйрөсүндөгү аракеттин ар бир түрүнө карата ушул бөлүмдө аныкталат.

4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактарды бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү тартиби, мындай реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, мындай реестрлерге киргизилген юридикалык жактарды алардан чыгаруу тартиби, ошондой эле мындай жактардын ишин токтотуунун жана кайра жандандыруунун негиздери жана тартиби ушул бөлүмдө аныкталат.

5. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүгө талаптанган юридикалык жактарга карата аларды реестрге киргизүү шарттарынын сакталышын текшерүүдө, ошондой эле бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген юридикалык жактардын ишин контролдоодо, Кодекстин VI бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө каралган, бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу бажы контролу формалары жана чаралары колдонулушу мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-195)  
Кийинки берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-197)
