# 194-берене. Интеллектуалдык менчик обьекттерине карата укуктарды бажы органдары тарабынан коргоо мөөнөтү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 194-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-194

---

Бажы контролу жүзөгө ашырылып жатканда коргоону колдонуунун мөөнөтү интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими чыккан күндөн тартып, арызга тиркелген документтерди колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле арызда укук ээси тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттү эске алганда эки жылдан ашпайт. Укуктарды коргоону колдонуунун мөөнөтү арыз ээсинин арызынын негизинде, ушул главанын талаптары аткарылган шартта ар бир жолу эки жылга чектелбеген санда узартылышы мүмкүн. Коргоону колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн арыз ээси 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым төлөөгө милдеттүү. Укук ээсинин интеллектуалдык менчик объектине карата укуктарын бажы органдары тарабынан коргоонун мөөнөтү укук ээсинин тиешелүү интеллектуалдык менчик объектине карата айрыкча укуктарын колдонуунун мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-195)
