# 193-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 193-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-193

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чараларды көрүү үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт.

2. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.

3. Бажы реестрине бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алган интеллектуалдык менчик объекттери киргизилет.

4. Интеллектуалдык менчик объекти бажы реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:

1) арыз ээси жазуу жүзүндө кайрылганда;

2) интеллектуалдык менчик объектин коргоо мөөнөтүн узартуу үчүн жыйым төлөнбөгөндө;

3) интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо токтотулганда.

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген башка учурларда.

5. Төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө жол берилет:

1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) - интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматты же аларга тиркелген документтерди өзгөртүү тууралуу;

2) кызыкдар жактардан - соттун чечими күчүнө киришинин негизинде интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестринде укук ээси катары көрсөтүлгөн жактардын интеллектуалдык менчик объектине укугу чектелгендиги же мындай укугунан ажыратылгандыгы тууралуу.

Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-192)  
Кийинки берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-194)
