# 191-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча Бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289608..1289609>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 191-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-191

---

1. Бажы органдары Кодекстин 52-главасына жана ушул главага ылайык, Кодекстин 124-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинде каралган интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чараларды көрөт.

2. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чаралар укук ээсинин арызы боюнча, интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин, товардык белгилерин, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыккан жерлердин аталыштарын камтуучу товарларга карата көрүлөт.

(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-190)  
Кийинки берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-192)
