# 189-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларга карата аракеттер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 189-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-189

---

1. Бажы органдары кармаган жана Кодекстин 380-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө Кодекстин 381-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан талап кылынбаган товарлар, эгерде Кодекстин 382-беренесинде башкача белгиленбесе, сатылууга тийиш.

2. Декларанттар же башка жактар талап кылбаган кармалган товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү) жана сактоо боюнча чыгымдарды, кармалган товарларды сатуу жана сатууга даярдоо менен байланыштуу башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Кармалган товарлар сатылгандан кийин же башкача колдонуу үчүн өткөрүп берилгенден кийин, ошондой эле мындай товарларды жок кылуунун натыйжасында пайда болгон калдыктар Бирликтин товарларынын статусун алат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-190)
