# 187-берене. Бажы органдары тарабынан товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жана сактоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 187-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-187

---

1. Бажы органдары товарларды жана аларга карата документтерди Кодекстин 379-беренесинде аныкталган учурларда кармайт, андан кийин товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жөнүндө Комиссия аныктаган форма боюнча протокол түзүлөт.

2. Кармалган товарлар жана аларга карата документтер бажы органдары тарабынан алып коюлат жана Кодекстин 380-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде сакталат.

3. Кармалган товарлар бажы органдары тарабынан аныкталган, мындай товарларды сактоо үчүн жабдылган убактылуу сактоочу кампаларга же башка жерлерге жайгаштырылат.

Аталган товарларды сактоого өткөрүп берүүдө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы үч нускада түзүлөт, бир нускасы бажы органында калат, экинчиси - товарларды сактоого алган уюмда (мекемеде), үчүнчү нускасы, эгерде бажы органы тарабынан кармоо учурунда бул жак аныкталса, товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугуна ээ жакка берилет.

4. Кармалган товарларды жана аларга карата документтерди сактоо мөөнөтү аларды кармаган күндөн тартып эсептелет.

5. Ушул беренени колдонуу максаты үчүн, бат бузула турган товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-188)
