# 185-берене. Бажы органдарынын тобокелдикти башкаруу процессин уюштуруусу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 185-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-185

---

1. Бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди башкаруу процессин уюштуруу жана бажы органдарынын тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануу ушул главада аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 50-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу процессин ишке ашыруу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

Жактарды тобокелдиктин төмөнкү, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонууда бажы органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Тобокелдик деңгээли төмөн жактарга карата бажылык текшерип кароо ушул Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5-7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча дайындалышы мүмкүн. Тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууда тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт. Мында тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата:

- товарлар чыгарылганга чейин бажы контролун жүргүзүү үчүн тандап алуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипке ылайык жана тобокелдиктерди башкаруу системасынын негизинде жүзөгө ашырылат;

- бажы контролу товарлар чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.

Товарлар чыгарылгандан кийин тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролун жүргүзүү үчүн тандоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Товарлар чыгарылгандан кийин тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролун жүргүзүү үчүн маалыматтарды берүү маалыматтык системаны пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Тобокелдиктин деңгээлине жараша бажылык текшерип кароону толук жүргүзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилениши мүмкүн.

3. Тобокелдиктин профилдеринде жана индикаторлорунда камтылган, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар, ошондой эле жактарды тобокелдиктин деңгээлине таандык кылуу критерийлери жарыяланууга (жайылтылууга) жатпайт.

Тобокелдиктин белгиленген профилинде камтылган маалыматты бажы органдары тарабынан пайдалануу тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-184)  
Кийинки берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-186)
