# 180-берене. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 180-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-180

---

1. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдары үзгүлтүксүз негизде Кодекстин 52-беренесинин 4-пунктунда жана 277-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн бажы документтериндеги, товарларга декларациялардагы маалыматтар менен, товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды (мамлекеттик жашыруун сырды) түзгөн маалыматтарга тиешеси жок жана бажы органдарынын маалыматтык ресурстарында камтылган бажы документтериндеги маалыматтарды өзгөрткөн (толуктаган) маалыматтар менен үзгүлтүксүз негизде өз ара алмашып турат.

Үзгүлтүксүз негизде алмашуу үчүн маалыматтар Кодекстин 2-тиркемесиндеги тизмек боюнча аныкталат.

2. Үзгүлтүксүз негизде маалыматтарды алмашуу электрондук формада техникалык шарттамаларга ылайык жүзөгө ашырылат, бул шарттамаларда мындай маалымат алмашууну жүзөгө ашыруучу бажы органдары, алмашуу үчүн маалыматтын форматы жана структурасы, мындай алмашуунун регламенти, мөөнөттөрү жана ыкмалары аныкталат.

Электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуунун техникалык шарттамалары мүчө-мамлекеттердин бажы органдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-179)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-181)
