# 178-берене. Бирликтин алкагында бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 178-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-178

---

1. Бажы органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында өз ара аракеттенет, ошондой эле Кодекске, Бирлик жөнүндө келишимге, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдары, уюмдары жана Комиссия менен өз ара аракеттенет.

2. Бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) Бирликтин жалпы процесстеринин алкагында Бирлик жөнүндө келишимге ылайык ишке ашырылуучу маалымат алмашуу;

2) Кодекстин 370-беренесине ылайык, ошондой эле Кодексте жана (же) Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде белгиленген башка учурларда электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу;

3) маалыматтарды жана (же) документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;

4) мүчө-мамлекеттердин бажы органдарына маалымат жөнөтүү;

5) өз ара административдик жардамды жүзөгө ашыруу;

6) эсепке алуу приборлору орнотулган жерлерде, куур транспорту аркылуу жана электр берүү линиялары боюнча өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролун жүргүзүүгө катышуу;

7) башка ыкмалар менен өз ара аракеттенүү.

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-179)
