# 177-берене. Маалыматташтырууга жана маалыматтык процесстерге катышуучу жактардын укуктарын жана маалыматын коргоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 177-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-177

---

1. Бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык системалардагы маалыматты коргоо, маалыматтарды коргоо каражаттарын колдонуу жана бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык ресурстардагы жана маалыматтык системалардагы маалыматтарды коргоонун деңгээлин баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системаларга Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматтарды берүүчү жактардын укугун коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыздалган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына ылайык келүүгө тийиш. Маалыматты коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин маалыматтык ресурстар карамагында болгон бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыз кылат.

3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонот.

---

Мурунку берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-176)  
Кийинки берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-178)
