# 176-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 176-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-176

---

1. Бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматка жетүү чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Бажы органдарынын карамагындагы жана жеткиликтүүлүгү чектелүү болгон, бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын камтыган маалыматтарды жактардын алуусунун жана пайдалануусунун тартибин, ошондой эле мындай маалыматтарды берүүнүн курамын жана тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган жана бажы органдарынын карамагындагы маалымат базасына жетүү укугу терроризмди финансылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик расмий статистика органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана терроризмди финансылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы макулдашуунун негизинде, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик расмий статистика органынын ортосундагы макулдашуунун негизинде берилет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-177)
