# 175-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 175-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-175

---

1. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары деп документтелген маалыматтын жыйындысы түшүнүлөт, ал өзүнө бажы органдарынын маалыматтык системаларында түзүлүүчү, иштетилүүчү жана топтолуучу маалыматтар базасын жана маалыматтын башка түрлөрүн камтыйт.

Бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын калыптандыруу максатында бажы органдары бажы чек арасы аркылуу өткөн товарлар, жана аларды өткөргөн жактар жөнүндө маалыматтарды чогултат жана иштеп чыгат.

2. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтердин жана маалыматтардын базасында түзүлөт жана аларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болот.

Бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын калыптандыруу жана аларга жетүү тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

3. Бажы органдарынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалыматты камтыган маалыматтык ресурстары ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелет.

Бажы органдарынын жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурстары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-176)
