# 174-берене. Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 174-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-174

---

1. Бажы операциялары бажы органдарынын, декларанттардын жана башка кызыкдар жактардын маалыматтык системаларын жана маалыматтык технологияларын, ошондой эле маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Бажы операцияларын жүргүзүүдө пайдаланылуучу маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана маалыматты коргоо каражаттарын иштеп чыгуу, түзүү, киргизүү, пайдалануу, коштоо, модернизациялоо, ошондой эле маалыматтык системаларды жана технологияларды сатып алуу тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алган маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.

5. Бажы ишинде колдонулуучу, үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар жана алардын камсыздоо каражаттары бажы операцияларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары пайдалануучу ушундай продукцияларга шайкеш келиши керек.

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-175)
