# 173-берене. Даттануу боюнча чечим

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 173-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-173

---

1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган орган:

1) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) укук ченемдүү деп тааныйт;

2) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) толук бойдон же бөлүгүндө укук ченемсиз деп тааныйт.

2. Даттанылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) укук ченемсиз деп таанылган учурда аны карап жаткан орган:

1) бажы органы же анын кызмат адамы кабыл алган чечимди толук бойдон же бөлүгүндө жокко чыгарат;

2) бажы органы же анын кызмат адамы кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет же болбосо, эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;

3) бажы органынын же анын кызмат адамынын аракетин (аракетсиздигин) укук ченемсиз деп тааныйт жана жол берилген бузууларды четтетүү максатында жасалууга тийиш болгон аракеттердин чөйрөсүн аныктайт же болбосо, эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.

Эгерде бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Кабарламага карата даттанууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтүлгөн Кабарламанын укук ченемсиздиги жөнүндө чечим кабыл алса, Кабарлама жөнөткөн бажы органы сот органдарынын чечимисиз, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алган күндөн тартып он жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө Кабарламаны чакыртып алат.

3. Даттанууну карап жаткан жак бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткаргандыгынын белгилерин тапканда, бул кызматкерди тартип жоопкерчилигине мыйзамда белгиленген тартипте тартуу боюнча чараларды көрөт.

4. Даттанууну карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечим кат түрүндө жол-жоболонот жана бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу менен кайрылган жакка, бул чечимди даттануунун тартибин түшүндүрүү менен, ушул Мыйзамдын 172-беренесинде белгиленген мөөнөттө жөнөтүлөт.

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул беренеге ылайык даттанууну карап чыгуусунун натыйжасы боюнча кабыл алган чечимине макул болбогон жак кабыл алынган чечимди алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде сот органына даттанууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-174)
