# 17-берене. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 17-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-17

---

1. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга, ал эми өздүк пайдалануу үчүн товарлар - эркин жүгүртүүгө чыгарылууга жатпайт. Көрсөтүлгөн товарлар ушундай чечим күчүнө кирген күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарлары статусуна ээ болот.

2. Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар тиешелүү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине акча каражаттары чегерилген учурдан тартып Бирликтин товарлары статусуна ээ болот, бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга жатпайт.

3. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн жана (же) соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, аларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуудан түшкөн суммаларды тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-18)
