# 168-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 168-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-168

---

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу берилип жаткан бажы органынын аталышы же бажы органынын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);

2) даттанууну берген жактын аты-жөнү же аталышы, жашаган же жайгашкан жери;

3) даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин) маани-маңызы;

4) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечиминен, аракетинен (аракетсиздигинен) улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлдү деп жактын эсептешине негиз болгон жагдайлар.

3. Арыз ээси, эгерде даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтер жана маалыматтар бажы органында бар болсо, мындай документгерди жана маалыматтарды бербей коё апат.

Көрсөтүлгөн даттанууну толук карап чыгуу үчүн зарыл документтер жана маалыматтар бажы органында болбогон учурда, ушул даттанууну карап жаткан бажы органы аларды даттануу берген жактан, ошондой эле башка компетенттүү органдардан жана уюмдардан, анын ичинде чет мамлекеттердин органдарынан жана уюмдарынан сурап алууга укугу бар. Бул учурда бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну кароо мөөнөтү бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды алганга чейин, бирок ушул суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн баштап төрт айдан ашык эмес мөөнөткө токтотулат. Бажы органы тарабынан чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана уюмдарына суроо-талап жөнөтүлгөн учурда, бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды алганга чейин, мындай суроо-талапты жөнөткөн учурдан тартып туум чегерилбейт. Бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды албаган учурда, көрсөтүлгөн даттануу боюнча чечим ырастоосуна документтер жана маалыматтар берилбеген жүйөлөр эсепке алынбастан, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилге туум чегерилбестен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-169)
