# 167-берене. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 167-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-167

---

1. Даттанууну берүү мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүп жиберилген учурда, бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча, даттанууну кароого укуктуу бажы органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү даттанууну кароого иш жүзүндө кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө жол-жоболонот, бул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-168)
