# 166-берене. Даттануу мөөнөттөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 166-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-166

---

1. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу үч айдын ичинде берилиши керек:

1) укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөндүгү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлгөндүгү адамга белгилүү болгон же белгилүү боло турган күндөн тартып;

2) бажы органы же анын кызмат адамы мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алышы үчүн же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып.

2. Бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Кабарламага карата даттануу жак мындай Кабарламаны алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

---

Мурунку берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-165)  
Кийинки берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-167)
