# 161-берене. Атайын каражаттарды колдонуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 161-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-161

---

1. Бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерди, резина таяктарды, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуу каражаттарын, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) бажы органдарынын кызмат адамдарына же башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотуу үчүн;

3) эгерде укук бузган адамдар баш ийбесе, каршылык же башка каршы аракет көрсөтсө же болбосо айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо жана бажы органынын кызматтык жайына жеткирүү үчүн;

4) бажы органынын кызмат адамына кара күч менен каршылык көрсөтүүгө бөгөт коюу үчүн;

5) транспорттук каражаттын айдоочусу бажы органынын кызмат адамынын токтоо жөнүндө талабын аткарбаганда, аны токтотуу үчүн;

6) бажы органынын кызмат адамынын ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.

2. Адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, бажы контролунда турган товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурлардан башка учурларда, кош бойлуу экенинин көрүнөө белгилери бар аялдарга, майып экенинин көрүнөө белгилери бар адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

3. Бажы органдары пайдаланылуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-160)  
Кийинки берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-162)
