# 159-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык иттерди колдонуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 159-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-159

---

1. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын айрым категориялары баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун жана аналогдорун, жарылуучу заттарды, куралдарды, ок-дарыларды жана өзүнө таандык жыты бар башка товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү издөө, айкындоо жана бөгөттөө, анын ичинде тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кызматтык иттерди колдонууга укуктуу.

2. Кызматтык иттерди жеке жактардын жашоосуна, ден соолугуна, ар-намысына жана кадыр-баркына коркунуч жараткан учурларда, кызматтык иттин арналышына тиешеси болбогон аракеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле анын иштөө жөндөмдүүлүгүнө, жашоосуна же болбосо саламаттыгына зыян келтирүүгө түрткү берүүчү шарттарда колдонууга тыюу салынат.

3. Бажы органдарынын кызматтык иттерди пайдалануу укугу берилген кызмат адамдарынын категориялары, кызматтык иттерди пайдалануунун, аларды үйрөтүүнүн жана кармоонун тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-160)
