# 158-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 158-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-158

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга укуктуу.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон өтүүгө, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга байланыштуу шарттарда аракет кылууга өзүнүн жарамдуулугуна мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү.

3. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууда бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечеңдетүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген, күтүүсүз же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы жана транспорттук каражаттарды колдонуу менен кол салууда же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү орунсуз же мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө;

2) денесинен жараат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө бажы органынын башчысына же анын ордун басуучу адамга кабарлоого;

3) укук бузуунун жана аны жасаган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болбосун зыяндын азыраак болушуна умтулууга.

4. Бажы органынын башчысы же анын ордун басуучу адам бардык өлүм же денеге оор зыян келтирүү учурлары жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.

5. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуунун тартибин бузган факт аныкталган учурда, келип чыккан кесепеттерге жараша кызматкер тартиптик жоопкерчиликти, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-159)
