# 156-берене. Бажы органдарынын укук коргоо иши

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 156-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-156

---

1. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүшү бажы органдарына таандык кылмыштар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органы болуп эсептелет.

2. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана (же) мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык кылмыш деп таанылган, укукка каршы жосунду даярдоочу, жасоочу же жасаган жактарды табуу максатында ыкчам издөө ишин жүргүзөт, эл аралык уюмдардын, Бирликтин мүчөсү болбогон мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдарынын суроо-талаптарын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарат.

3. Бажы органдары өз компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана адамдарды укук бузгандыгы үчүн укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартышат.

4. Бузуулардын түрлөрү, ошондой эле укук бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу тартиби жана принциптери Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

5. Жазыктык иштер жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү жана укуктук жардамы Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерге жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-157)
