# 155-берене. Бажы органдарынын консультация берүүсү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 155-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-155

---

1. Бажы органдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды колдонуу маселелери, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча жактарга ооз эки жана жазуу жүзүндө акысыз негизде консультация берет.

2. Консультация берүүдө бажы органдарынын кызмат адамдары Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык, бажы органдарына берилүүгө тийиш болгон бажы декларацияларын жана башка документтерди бажы органынын атынан текшербейт, ошондой эле мындай бажы декларацияларын жана документтерин түзбөйт.

Көрсөтүлгөн документтерди толтуруу маселелери боюнча консультация берүү мындай документтерди жана жак берген маалыматтарды текшербестен жүзөгө ашырылат.

3. Консультация берүүнүн жүрүшүндө жактарга берилген маалыматтар товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органынын же анын кызмат адамынын чечим кабыл алуусу же аракет жасоосу (аракетсиздиги) үчүн негиз боло албайт.

4. Бажы органдарынын консультация берүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-156)
