# 152-берене. Бажы органдарынын тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактар, алардын ассоциациялары жана бирикмелери менен өз ара мамилелери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 152-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-152

---

1. Бажы органдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин жана актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жана бажылык жөнгө салууну жакшыртуу максатында консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди колдоого алат жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, алардын ассоциациялары жана бирикмелери менен өз ара аракеттенет.

2. Бажы органдарынын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун, бажы чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын, алардын ассоциацияларынын жана бирикмелеринин ортосунда бажы контролунун натыйжалуулугун жакшыртуу максатындагы консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди түзүү жана аракеттенүүнү колдоо үчүн бажы органдарынын алдында консультациялык органдар түзүлүшү, мындай өз ара аракеттенүүнүн тартибин жөнгө салган документтер кабыл алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-153)
