# 150-берене. Бажы статистикасын жүргүзүү, бажы статистикасынын маалыматтарын пайдалануу жана берүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 150-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-150

---

1. Бажы органдары бажы статистикасын жүргүзөт, бул статистика Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттер менен товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасын (мындан ары - товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасы) жана атайын бажы статистикасын камтыйт.

2. Бажы статистикасын жүргүзүү үчүн бажы органдарынын маалыматтык ресурстары пайдаланылат.

3. Товарларды тышкы соодалоонун бажы статистикасынын маалыматтары Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттер менен товарларды тышкы соодалоонун өнүгүү тенденциясын жана динамикасын, абалын талдоо максатында топтолот.

Товарларды тышкы соодалоонун бажы статистикасы Комиссия тарабынан бекитилген методологияга ылайык жүргүзүлөт. Товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Бажы органдары товарлардын тышкы соодалык бажы статистикасын берет, анын ичинде ушул Мыйзамдын 146-беренесине ылайык ички рынокту коргоо чараларын колдонуу же кайра кароо жөнүндө арызды берүү үчүн маалыматтарды берет.

5. Атайын бажы статистикасынын маалыматтары бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында топтолот жана пайдаланылат.

Атайын бажы статистикасын жүргүзүү тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-151)
