# 149-берене. Документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 149-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-149

---

1. Бажы органдары жана декларанттар, ташуучулар, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажы операцияларын жүргүзүүчү башка жактардын ортосунда документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда, ушул Мыйзамда каралган учурларда, электрондук формада же документтерди жана (же) маалыматтарды кагаз түрүндө берүү (жөнөтүү) жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды электрондук формада алмашуу бажы органдарынын маалыматтык системаларынын жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсү аркылуу же болбосо Интернет тарамынын ресурстарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.

3. Документтерди жана (же) маалыматтарды кагаз түрүндө берүү (жөнөтүү) жолу менен документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды электрондук формада алмашууга техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогон учурда, ошондой эле Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда каралган учурларда жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-150)
