# 145-берене. Бажы органдарынын ишин финансылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 145-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-145

---

1. Бажы органдарынын ишин финансылоо, материалдык-техникалык камсыз кылуу, ошондой эле бажы органдарынын кызмат адамдарына акчалай камсыздама төлөп берүү республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын техникалык жардам түрүндөгү гранттарынын (акысыз жардамынын) эсебинен жүргүзүлөт.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздамасы төмөнкүлөрдөн турат:

1) кызматтык маянадан;

2) ыйгарылган атайын наам боюнча маянадан;

3) иштеген жылдары, чет тилин билгендиги үчүн кошумча акыдан жана башка кошумча акылардан;

4) эгерде накталай берилбесе, азык-түлүк паегунун наркынан;

5) ар жылдык акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан төлөмдөрдөн;

6) ушул берененин 3-5-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөрдөн.

3. Бажы органдарынын кызмат адамдарына ар жыл сайын үч айлык маяна өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

4. Бажы органдарынын кызмат адамдарына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жана өлчөмдө сыйлыктар төлөнөт.

5. Бажы органдарынын кызмат адамдарына календарлык жылдын жыйынтыгы боюнча акчалай эки маянага чейинки өлчөмдө бир жолку акчалай сый акы берилиши мүмкүн.

6. Бажы органдарынын кызмат адамдары азык-түлүк паегу менен камсыздалат. Азык-түлүк паегун берүүнүн нормасы же эгерде ал накталай түрүндө берилбесе, азык-түлүк паегун акчалай компенсациялоонун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-146)
