# 144-берене. Бажы органдарынын жумуш убактысы

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 144-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-144

---

1. Бажы органдарынын жумуш убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

2. Жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрмө пункттары менен жанаша турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын жумуш убактысына, мүмкүнчүлүккө жараша, туура келиши керек.

3. Кызыкдар жактын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча жана зарыл шарттар бар болгондо, айрым бажы операциялары бажы органдарынын жумуш убактысынан сырткары аткарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-145)
