# 143-берене. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 143-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-143

---

1. Бажы органдары укук ченемсиз чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Бажы органдарынын же алардын кызмат адамдарынын укук ченемсиз чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жактарга келтирилген чыгашанын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, бажы органдарынын кызмат адамдарынын укук ченемдүү чечимдери, аракеттери менен жактарга келтирилген чыгашанын орду толтурулууга жатпайт.

4. Бажы органдарынын кызмат адамдары укук ченемсиз чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, жазыктык жоопкерчиликке жана бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-144)
