# 140-берене. Бажы органдарынын системасы. Бажы органдарынын кызмат адамдары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 140-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-140

---

1. Бажы органдарынын системасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ага баш ийген бажы органдарынан, ошондой эле бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалардан турат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу жана өзүнүн ыйгарым укуктарын түздөн-түз ага баш ийген бажы органдары, ошондой эле бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалар аркылуу ишке ашыруучу орган болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасындагы бажы ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Бажы органдары жөнүндө жобо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Бажы органдарын түзүү, жоюу жана кайра түзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен уставдардын негизинде иштейт.

4. Өзүнүн ишкердик жана моралдык сапаттары, билиминин деңгээли жана ден соолугунун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, чет өлкөлүк жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жарандары гана бажы органдарынын кызмат адамдары боло алат.

5. Бажы органдарынын системасында кызмат өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

6. Бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын наам ыйгаруу менен формалык кийимдерди кийүү каралган. Көрсөтүлгөн кийимдин формасы, формалык кийимди кийип жүрүү эрежелерин, айырмалоочу белгилерин жана бажы органдарынын кызматкерлерин буюмдук жагынан жабдуу нормалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Формалык кийим акысыз берилет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-141)
