# 14-берене. Бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 14-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-14

---

1. Бажы аймагына алып келинген товарлар бажы чек арасынан өткөндөн кийин жана бажы органдары чыгарганга чейин, аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 14 жана 16-главаларында, ал эми айрым категориядагы товарларга карата - Кодекстин 37-431-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

2. Товарлар аларды бажы органдары чыгаргандан кийин бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык же бажылык декларациялоого жана (же) бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан чыгарууга жаткан товарлардын айрым категориялары үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

3. Бажы аймагынан ташып чыгыла турган товарлар ташып кетилүүчү жерге келгенден кийин аларга бажы чек арасынан өткөнгө чейин ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 2 жана 15-главаларында, ал эми товарлардын айрым категорияларына карата Кодекстин 37-43-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүнд белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-15)
