# 139-берене. Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 139-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-139

---

1. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары Кодекстин 338-беренесинде көрсөтүлгөн бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды бажы контролунун объекттерине жараша колдонууга укуктуу.

Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу башка чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Бажы органынын кызмат адамдарынын бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды колдонуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды ташыган транспорттук каражаттар навигациялык (электрондук) пломбаларды коюу жолу менен бажы органдары тарабынан идентификацияланууга тийиш.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, навигациялык (электрондук) пломбалар түрүндөгү идентификациялоо каражаттарын бажы органдары тарабынан колдонуу тартиби, ошондой эле мындай навигациялык (электрондук) пломбаларды коюу үчүн төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу идентификациялоо каражаттарын колдонуунун тартиби жана аларга коюлуучу талаптар, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жана эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларды идентификациялоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Бажы контролун жүргүзүүнүн убактысын кыскартуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары маалыматтык системаларды, ошондой эле бажы контролунун техникалык каражаттарын колдоно алат, алардын тизмеги жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Бажы органдары бажылык коштоону Кодекстин 343-беренесинде белгиленген тартипте жана шарттарда колдонууга укуктуу.

6. Бажылык коштоо бажы органдарынын кызмат адамдары же болбосо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталган уюмдар тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кодекстин 146-беренесинде белгиленген шарттардын аткарылышына карабастан, бажы органдары бажылык коштоону төмөнкүдөй учурларда пайдаланууга укуктуу: тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун натыйжалары боюнча; товарды бажы контролу зонасынан сырткары убактылуу сактоого жеткирген учурларда. Бажылык коштоону уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

7. Товарларды ташуунун маршруту Кодекстин 344-беренесине ылайык белгиленет.

Бажы контролунда турган жана бажы аймагында бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан ташылуучу товарларга карата товарларды ташуунун маршрутун белгилөөгө, өзгөртүүгө жана сактоого байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

8. Транспорт каражаттарынын кыймылын жана товарларды ташуунун белгиленген маршрутунун сакталышын аралыктан контролдоону камсыздоочу, бажы контролунун маалыматтык системаларын жана техникалык каражаттарын пайдалануу менен бажы органдары тарабынан бажы аймагы боюнча ташылуучу товарларга карата товарларды ташуунун маршруту белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө жана тартипте төлөм алынат.

9. Бажы органдары бажы контролунда турган товарлардын эсебин жүргүзөт, анын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте бажы органдарынын маалыматтык системаларын колдонуу менен жүргүзөт.

10. Декларанттарды эсепке алуу, ошондой эле мындай эсепти жүргүзүү учурлары жана тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

11. Бажы контролун жүргүзүүдө, бажы органдарына көмөк көрсөтүү үчүн зарыл болгон атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болгон, мындай иш-аракеттердин натыйжаларына кызыкдар эмес адисти айрым аракеттерди жасоого тартууга Кодекстин 346-беренесине ылайык жол берилет.

12. Товарларды эсепке алуунун белгиленген талаптарга ылайык келген жана бажы органдарынын маалыматтык системасына шайкеш болгон системасынын бар экендигин текшерүүнүн тартиби, ошондой эле товарларды эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз: Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-140)
