# 138-берене. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 138-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-138

---

1. Бажы органынын кызмат адамдарынын бажылык текшерүүнү жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери Кодекстин 335-беренесинде белгиленген.

2. Бажы органынын кызмат адамдары бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жана тартипте инвентаризация жүргүзө алат же текшерилүүчү жактан товарларга инвентаризация жүргүзүүнү талап кыла алат.

3. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын Кодекстин 335-беренесинде каралгандан башка укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.

4. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери Кодекстин 336-беренесинде белгиленген.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-139)
