# 137-берене. Көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн бажы жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектине кирүүсү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 137-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-137

---

1. Текшерилүүчү жактын турак жайын бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган бажы органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кирүүсү Кодекстин 334-беренесине ылайык сот актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Текшерилүүчү жак түздөн-түз бажылык текшерүү жүргүзүүчү бажы органдарынын кызмат адамдарын текшерилүүчү объекттерге алар кызматтык күбөлүктөрүн жана көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимди (жазма эскертүүнү) көрсөткөндө киргизүүгө милдеттүү.

3. Текшерилүүчү жактын объектине бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу бажылык укук бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.

4. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүп жаткан бажы органынын кызмат адамдарынын жана көчмө бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган мүчө мамлекеттердин башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектисине кирүүсүн камсыз кылуудан текшерилүүчү жак негизсиз баш тартса, эки калыс күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.

Актынын формасын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилейт. Актыга көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамдары, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле күбөлөр кол коюшат. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү жакка же анын өкүлүнө берилет. Текшерилүүчү жак же анын өкүлү актыга кол коюудан баш тартса, көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы аталган актыга бул жөнүндө тиешелүү жазууну киргизет. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүү берүүгө укуктуу.

5. Кодекстин 334-беренесинин 3-пунктунда каралбаган учурларда көчмө бажылык текшерүү жүргүзүп жаткан бажы органынын кызмат адамдарынын жана көчмө бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектине кирүүсүн камсыз кылуудан текшерилүүчү жак баш тартса, алар ушул объектке эки күбөнүн катышуусунда жабык жайларды ачып жана (же) каршылыкка бөгөт коюп кирүүгө укуктуу.

6. Текшерилүүчү жактын турак жайларына бажылык текшерүү жүргүзүү зарыл болсо, мындай текшерүүгө сот актысынын негизинде гана жол берилет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-138)
