# 136-берене. Көчмө бажылык текшерүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 136-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-136

---

1. Көчмө бажылык текшерүү Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып беш жылдын ичинде жүргүзүлөт.

Кодекстин 333-беренесинин 2-пунктунда белгиленгенден тышкары бажы органдары тарабынан төмөнкүдөй кошумча көчмө текшерүүлөр жүргүзүлөт: контролдук көчмө бажылык текшерүү - мурдагы көчмө бажылык текшерүүдө белгиленген бузуулардын текшерилген жак тарабынан жоюлгандыгын текшерүү; көчмө бажылык кайра текшерүү - көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө текшерилген жактын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүү.

2. Контролдук көчмө бажылык текшерүү мурдагы көчмө бажылык текшерүүдө айкындалган бузуулардын текшерилген жак тарабынан жоюлгандыгын текшерүү максатында жүргүзүлөт жана бул максаттын чегинен чыга албайт.

Контролдук көчмө бажылык текшерүү текшерилген жакка көрсөтүлгөн бузууларды жоюу үчүн берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Контролдук көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Көчмө бажылык кайра текшерүү текшерилген жак көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогон учурда гана, ошондой эле көчмө бажылык текшерүүгө байланышкан, актыда чагылдырылбаган же так эмес чагылдырылган айрым учурларды тактоо максатында жүргүзүлөт.

Көчмө бажылык кайра текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп текшерилген жактын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларына макул эместиги жөнүндө кайрылуусу эсептелет. Көчмө бажылык кайра текшерүүнү жүргүзүүдө көчмө бажылык текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Көчмө бажылык текшерүүнүн даттанылган натыйжалары гана кайра текшерилүүгө жатат. Көчмө бажылык кайра текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Көчмө бажылык текшерүү көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимди кабыл алуу (жазма эскертүүнү берүү) жолу менен, бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан дайындалат.

5. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдин (жазма эскертүүнүн) формасы, көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечимде (жазма эскертүүдө) көрсөтүлүүгө жатуучу, Кодекстин 333-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары башка маалыматтар, ошондой эле Кодекстин 333-беренесинин 6-пунктунун 5-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети пландан тышкаркы көчмө бажылык текшерүүнү дайындоо үчүн Кодекстин 333-беренесинин 16-пунктунда көрсөтүлгөн негиздерден башка негиздерди белгилей алат.

7. Көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүүнү токтотуп туруу мөөнөтү тогуз айдан ашпоосу керек. Эгерде пландан тышкары көчмө бажылык тосмо текшерүү жүргүзүүнүн, бажылык экспертизаны жүргүзүүнүн, мүчө-мамлекеттердин же Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талаптарды жөнөтүүнүн, текшерилип жаткан жак тарабынан көчмө бажылык текшерүү үчүн зарыл документтерди калыбына келтирүүнүн, текшерилип жаткан мезгилге тиешеси бар, көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча тыянактарга таасир кылуучу кошумча документтерди берүүнүн зарылдыгына байланыштуу текшерүү токтотулуп турган учурда, токтотуп туруу мөөнөтү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси же жетекчинин орун басарынын чечими боюнча алты айга чейин узартылышы мүмкүн.

Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнү токтотуп туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

8. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары бажылык документ (акт) түзүү менен таризделет, анын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

9. Көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларына таасир кылуучу башка маалыматтар бар болгондо, алар көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларын жол-жоболоодо түзүлө турган бажылык документте (актыда) көрсөтүлүшү мүмкүн.

10. Көчмө бажылык текшерүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкерлерди жана жеке менчик ишкерлерди кошпогондо, жеке жактарга карата жүргүзүлбөйт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-137)
