# 134-берене. Бажылык текшерүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 134-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-134

---

1. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жактардын сактоосун текшерүү максатында Кодекстин 331-беренесине ылайык товарлар чыгарып берилгенден кийин бажы органдары тарабынан бажылык текшерүү жүргүзүлөт.

2. Бажылык текшерүүнү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүктөрүнүн жана бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары жүргүзөт.

3. Бажы органдары Кодекстин 332 жана 333-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 135 жана 136-беренелерине ылайык камералдык жана көчмө бажылык текшерүүнү жүзөгө ашырат.

4. Атайын билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылуучу маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн бажылык текшерүүгө Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан тартылат.

5. Бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө бузуунун же кылмыштын белгилери аныкталганда бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

6. Бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча бажы органдарынын чечим кабыл алуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

7. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүнү финансылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Бажылык текшерүү Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-135)
