# 133-берене. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 133-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-133

---

1. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо - жайларды жана аймактарды, ошондой эле аталган жерлерде турган товарларды жана (же) документтерди көз менен кароону камтуучу бажы контролу формасы.

2. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо Кодекстин 330-беренесинде белгиленген максатта жана тартипте бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Турак үйлөрдөгү орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот актысынын негизинде гана жол берилет.

4. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо - жайларды жана аймактарды бажылык кароо үчүн берилген жазма эскертүүнү жана бажы органынын кызмат адамынын кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө жүргүзүлөт.

Жайларды жана аймактарды бажылык кароо үчүн берилген жазма эскертүүнүн формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

5. Жайларга жана аймактарга киргизүүдөн баш тарткан учурда, бажы органдарынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жабылып турган жайларды ачуу менен жана (же) каршылыкка бөгөт коюу менен жайларга жана аймакка кирүүгө укуктуу.

6. Айрым объекттерге кирүүнүн атайын тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо аны жүргүзүү үчүн зарыл болгон мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш жана бир жумушчу күндөн ашык созулбашы керек. Аталган мөөнөт жайларды жана аймактарды бажылык кароону аяктоо үчүн зарыл болгон мезгилге узартылышы мүмкүн, бирок үч жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-134)
