# 131-берене. Бажылык текшерип кароо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 131-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-131

---

1. Бажылык текшерип кароо - товарларга коюлган бажы пломбаларын, мөөрлөрдү жана идентификациялоонун башка каражаттарын бузуу жана (же) товарлар жайгашышы мүмкүн болгон товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин (бөлүктөрүн), идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен товарларга, анын ичинде транспорттук каражаттарга жана жеке жактардын жүгүнө карата бажылык текшерип кароону жана башка аракеттерди камтуучу бажы контролунун формасы.

2. Бажылык текшерип кароо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүчү жак тыюу салууларга жана чектөөлөргө байланышкан товарларды бажы аймагына ташып келип жатат же бажы аймагынан ташып чыгып жатат же болбосо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана ушул Мыйзамды бузуу менен товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүп жатат деп күмөн саноого негиздер болсо;

2) декларанттын же товарларга карата ыйгарым укукка ээ башка жактын арызынын негизинде;

3) товарларды бажылык декларациялоодо берилген бажы декларациясында жана башка документтерде товарларды чыгарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алууга таасир этүүчү такталбаган маалыматтар болсо;

3-1) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалымат берилбегенде же аны берүү мөөнөттөрү бузулганда;

4) шарттуу чыгарып берилген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөрдү сактоо максатында;

5) тобокелдиктерди башкаруу системасынын жыйынтыктары боюнча;

6) бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу менен бажылык контролдоонун жыйынтыгы боюнча;

7) жүргүзүлгөн бажылык кароонун жыйынтыгы боюнча.

3. Бажылык текшерип кароо болуп бажы органдарынын кызмат адамдарынын төмөнкүлөргө байланышкан аракеттери эсептелет:

1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарын бузуу менен товарлар жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка орун-жайларды ачууга, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратууга, демонтаждоого же бүтүндүгүн бузууга;

2) товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүдө жана товарларды жана транспорттук каражаттарга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштырууга;

3) товарлар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштырууга.

4. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажылык текшерип кароону жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-132)
