# 130-берене. Бажылык кароо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 130-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-130

---

1. Бажылык кароо - транспорттук каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларын (бөлүктөрүн) жана товарлардын таңгактарын ачпастан, текшерилүүчү объекттерди (жеке жактардын жүгүн кошкондо) жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратпастан, демонтаж кылбастан же бүтүндүгүн бузбастан товарларды, анын ичинде транспорттук каражаттарды жана жеке жактардын жүгүн, жүк салынуучу сыйымдуулуктарды, бажы пломбаларын, мөөрлөрдү жана идентификациялоонун башка каражаттарын бажылык кароо формасында жайларды жана аймактарды бажылык контролдоонун жүрүшүндө мындай кароодон тышкары, сырттан көз жүгүртүп кароону камтыган бажы контролунун формасы.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажылык кароону жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-131)
