# 129-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 129-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-129

---

1. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү - Кодекстин 324-беренесинде аталган документтерди жана маалыматтарды текшерүүдөн турган бажы контролунун формасы.

2. Бажы декларациясына, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге карата, бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарга карата бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү товарлар чыгарып берилгенге чейин жана чыгарып берилгенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Бажы декларациясында билдирилген жана бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарды ырастоочу маалыматтардын жана (же) документтерде бузуулар жана дал келбегендик айкындалган учурларда, бажы органы бажы контролунун мындай формасын жүргүзүү жөнүндө жакка милдеттүү түрдө кабарлоо менен товарлар чыгарып берилгенден кийин бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерет.

Кабарлама бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерде бузуулар жана (же) дал келбегендик айкындалган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу формасында жөнөтүлөт. Кабарлама уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка кол койдуруп алуу же кабарламаны алган фактыны жана датаны ырастоочу башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде аталган адамдар кабарламаны алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.

4. Товарлар чыгарып берилгенге чейин башталган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 325-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же болбосо бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 324-беренесинин 10-пунктунда каралган учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү кошпогондо, Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүүдө бажы органы ушул Кодекстин 340-беренесине ылайык бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана (же) маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.

6. Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же болбосо башка учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте таризделет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-130)
