# 125-берене. Бажы контролунун зоналары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 125-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-125

---

1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүгө байланышкан чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык бажы контролунун зоналары түзүлөт.

2. Бажы контролунун зоналары болуп товарлар бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жерлер, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын аймактары, алымсыз соода дүкөндөрүнүн, Кодекстин 429-2-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн электрондук соода операторунун курулмаларынын, орун-жайларынын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчаларынын (ачык аянтчалардын бөлүктөрүнүн) аймактары жана бажы органы аныктаган башка жерлер эсептелет.

3. Бажы контролунун зоналарын түзүү жана белгилөө тартибин, ошондой эле бажы контролунун зоналарынын укуктук режимин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз: Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-126)
