# 124-берене. Бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда бажы органдарынын жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 124-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-124

---

1. Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары башка контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенет.

2. Бажы чек арасы аркылуу ташылуучу жана башка мамлекеттик органдар контролдоого тийиш болгон товарларга карата бажы контролунун зонасында контролдук жүргүзүүгө болгон жалпы координацияны бажы органдары камсыз кылат.

Бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда бажы органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби, анын ичинде маалыматтык системаларды пайдалануу менен бажы жана мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер жана (же) маалыматтар (билдирүүлөр) менен алмашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-125)
