# 121-берене. Бажы контролун жүргүзүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 121-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-121

---

1. Бажы контролу Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

2. Бажы контролу Кодекстин 311-беренесинде аныкталган бажы контролу объекттерине карата бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу менен жүргүзүлөт.

3. Бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү тартиби Кодексте, ал эми Кодексте жөнгө салынбаган бөлүгүндө же Кодексте каралган учурларда - бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

Бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

4. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары тандап текшерүү принцибин колдонот жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун формалары, ошондой эле бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар менен гана чектелет.

Бажы органдары бажы контролун жүргүзүү формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды тандоодо, бажы контролунун техникалык каражаттарын, маалыматтарды алдын ала талдоону, эгерде бул бажы иши чөйрөсүндөгү аныкталган олуттуу бузуулардын белгилерине байланышкан чукул жагдайларга жана аталган бузууларды табуу жана бөгөттөө боюнча толук чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу болбосо, бажы контролун жүргүзүүдө декларанттарга, ташуучуларга жана башка жактарга товарларды сактоого, транспорттук каражаттардын туруп калуусуна, товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн создуктурууга байланышкан зыяндар келтирилбегендей түрдө пайдаланат.

5. Бажы контролунун объекттерин, бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды тандоодо тобокелдиктерди тескөө системасы пайдаланылат.

6. Бажы контролу бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан алардын кызматтык (функциялык) милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдарынын кызмат адамдарын катыштырбастан, бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздаган чараларды колдонуу учурлары белгилениши мүмкүн.

7. Бажы контролу товарлар Кодекстин 14-беренесине ылайык аныкталуучу бажы контролунда турган мезгилде жүргүзүлөт.

Алдын ала бажылык декларациялоодо жана мезгилдүү бажылык декларациялоодо Кодекстин 311-беренесинин бешинчи абзацында көрсөтүлгөн бажы контролунун объекттерине карата бажы контролу бажы декларациясын каттаган учурдан тартып жүргүзүлөт. Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандан кийин бажы контролу мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып беш жыл өткөнгө чейин жүргүзүлөт.

8. Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине же ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген жактардын ишине карата бажы контролу мындай реестрлерден чыгарылган күндөн тартып беш жыл өткөнгө чейин жүргүзүлөт.

9. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдарына башка мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксаттары, жазма эскертмелери же токтомдору талап кылынбайт.

10. Бажы контролу бажы контролунун зонасында жана товарлар, анын ичинде эл аралык ташуунун транспорттук каражаттары жана бажы контролуна таандык өздүк пайдалануу үчүн транспорттук каражаттар, мындай товарлар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер жана (же) маалыматтык системалар турган (турууга тийиш же турушу мүмкүн болгон) башка жерлерде жүргүзүлөт.

11. Бажы органдары өз компетенциясынын чегинде бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы чек арасында мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-122)
