# 116-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 116-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-116

---

1. Эл аралык почталык жөнөтүүлөрдө камтылган товарларды бажылык декларациялоону тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара байланышта иштешүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзөт.

Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланыш уюмдары бажы органдарына жүктөлгөн айрым функцияларды бул органдардын контролдугу астында аткара турган учурлар каралышы мүмкүн.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды бажы аймагына ташып келүү жана аларды бул аймактан ташып чыгуу эрежелерин эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү которууга тиешеси бар бөлүгүндө почталык байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өз убагында маалымдайт.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-117)
