# 115-берене. Эл аралык почталык жөнөтүүлөр менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 115-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-115

---

1. Эл аралык почта менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операциялары биринчи кезектеги тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажы операцияларын жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.

2. Бажы декларациясы берилүүгө тийиш болгон товарларды бажылык декларациялоо алуучулар же жөнөтүүчүлөр турган аймакта иш жүргүзгөн бажы органы тарабынан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Эл аралык почталык жөнөтүүлөрдө бажы аймагынын чегинен сырткары чыгарылуучу, бажы декларациясы бериле турган товарларды бажылык декларациялоо аларды жөнөтүүчүлөр же болбосо алардын атынан аракеттенүүчү жактар тарабынан товарларды жөнөтүү үчүн почталык байланыш уюмдарына өткөрүлгөнгө чейин жүргүзүлөт.

4. Бажы органынын талабы боюнча, почта байланышынын дайындалган оператору эл аралык почталык жөнөтүүлөр боюнча өздүк пайдалануу үчүн товарларды алуучунун -жеке жактын ким экенин тастыктоочу документтер жөнүндө маалыматты бажы органына берет.

5. Почта байланышынын дайындалган операторунда эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү эл аралык почта алмаштырылуучу жердеги (мекемедеги) бажылык контролдоо зонасына жайгаштырууда ташып келүү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү жана эсептелиши Кодекстин 288-беренесинде белгиленген.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-116)
